Микронезия Федеративдик Штаттары
Микронезия Федеративдик Штаттары | |||||
| |||||
Гимн: «Patriots of Micronesia» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 3-ноябрь 1986-жыл
( АКШдан) | ||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Паликир | ||||
Ири шаарлар | Вено | ||||
Башкаруу формасы | Федерация | ||||
Президент Вице-президент |
Уэсли Симина Арен Палик | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
177-орун - дүйнөдө 702 км² 0 | ||||
Калкы • Бааланган (2019) • Жыштыгы |
104.468 адам (181-орун) 158,1 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
367 млн $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
383 млн $ 3,735 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0.634 (орточо) (135-орун) | ||||
Акча бирдиги | АКШ доллары (USD) | ||||
Домени | .fm | ||||
ISO коду | FM | ||||
ЭОК коду | FSM | ||||
Телефон коду | +691 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +10:00 |
Микронезия же Микронезия Федерация Штаттары (англ. Federated States of Micronesia) — Океаниядагы майда аралдар тобунда (607 аралда) жайгашкан мамлекет. Аянты 702 км2. Калкы 107,4 миң (2009); Административдик-аймактык жактан 4 штатка бөлүнөт. Калкы полинезиялыктар менен микронезиялыктардын 9 этностук тобунан турат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 154 киши. Борбору – Паликир шаары (калкы 11 миң; Понпеи аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары.
Штаттарынын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микронезиянын Федеративдик Штаттарынын курамына 4 штат кирет:
Штаттын туусу | Штат | Штаттын акимий борбору | Аянты, км² |
Калкы[1], Киши. (2010) |
Калктын жыштыгы, киши/км² |
---|---|---|---|---|---|
Чуук | Вено | 127 | 48 654 | 383,10 | |
Кусаие | Тофол | 109 | 6616 | 60,70 | |
Понпеи | Колониа (Понпеи) | 344 | 36 196 | 105,22 | |
Яп | Колониа (Яп) | 122 | 11 377 | 93,25 | |
Баардыгы | 702 | 102 843 | 146,50 |
Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Микронезия – республика. Башкаруу формасы – президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – федералдык бир палаталуу парламент (Улуттук конгресс). Микронезияда саясий партия жок. Эң бийик жери Нана-Лауд чокусу (Помпен аралында; бийиктиги 798 м), эң төмөн жери 0 м (Тынч океандын жээги). Жээк сызыгынын узундугу 6112 км. Климаты экватордук жана субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2250 ммден 3000–4500 ммге (Кусанс аралындагы тоолордо 6000 мм) чейин. Тайфундардын пайда болуу облусу. Жылына орто эсеп менен 25тейи өтөт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Микронезиялыктардын тукумдары Каролина аралына мындан 4 миң жыл мурда отурукташкан. Архипелагда байыркы цивилизациянын болгондугун айгинелеген таштан курулган ири курулуштардын калдыктары (бардык аралда) кездешет. Каролина а. европалык деңиз сүзүүчүлөр тарабынан 16–17-кылымдарда ачылган. 1526-жылы ди Менезиги Яп аралын ачса, 1528-жылы Альваро Сааведра алгачкылардан болуп Трук аралын көргөн. 1685-жылы капитан Франсиско Лазеано кайрадан Яп аралын көрүп, Каролина (Испаниянын королу Карл II ысмынан) атаган. Кийинчерээк бардык архипелаг ушундайча аталып, Испаниянын ээлиги деп жарыяланган. 18-кылымдын аягынан архипелагга Россиянын, Франциянын жана Британиянын, 19-кылымдан Америка менен Германиянын соода жана илимий кемелери келе баштаган. 1898-жылы Испания Каролина менен Мариана аралын Германияга өткөрүп берген. 1914-жылы күзүндө Япония басып алган. Бирок Япония Улуттук Лиганын мандатын – Микронезияны расмий түрдө башкаруу укугун 1921-жылы алган. 1945-жылы АКШнын көзөмөлүнө өткөн. 1947-жылдан АКШнын башкаруусундагы БУУнун Тынч океандагы траст (ишеним) аймагынын бир бөлүгү болгон. 1978-жылы «АКШ аймагынан эркин ассоциацияланган» статусуна ээ болгон. 1991-жылдын 17-сентябрынан көз каранды эместикке ээ. Улуттук дүң кирешеси 277 млн долларды (АКШ) түзөт. Андагы айыл чарбанын үлүшү 50%, өнөр жайыныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 46%.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |